Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Шайлоо-2017: Дебаттардын убактысы такталды


Бүгүн президенттик шайлоого катышып жаткан 13 талапкер үчүн мамлекеттик бюджеттен каржыланган телеканалдарда, радиодо жана басылмаларда акысыз үгүт жүргүзүү убактысын жана ордун бөлүштүрүү жараяны өттү.

Ага талапкерлердин өкүлдөрү, телерадиоканалдардын жана гезиттердин жетекчилери катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматовдун журналисттерге билдиргени боюнча, телеканалдардан ар бир талапкер үчүн бир сааттан убакыт бөлүнүүдө:

- Бир сааттан кем эмес убакыттын бир бөлүгү дебаттарга берилет деп шартташтык. Дебаттар эки айлампа менен өткөрүлөт. Андан тышкары талапкерлердин жеке кайрылуулары болот. КТРКда, ЭлТРде да ушундай форматта болот. Биринчи радиодо да талапкерлердин катышуусунда түз ободо талкуулар жана талапкерлерден жеке кайрылуулар болот.

КТРК жана ЭлТР президенттикке талапкерлерге акысыз эфир убактысын 18-сентябрдан тарта, кечки саат 19:00-24:00 аралыгында бере башташат. Ал эми 1-радио күндүзү саат 12:00-13:00 аралыгында түз эфирден убакыт бөлүп бермек болду.

Мындан тышкары мамлекеттик "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" гезиттери бардык талапкерге бирдей шартта гезит беттеринен орун берүүгө милдеттендирилди.

13 талапкер ат салышып жаткан президенттик шайлоонун добуш берүү күнү 15-октябрь деп аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG