Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:45

Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" ишканасы менен чогуу Көлмө жаңы конушундагы балдар бакчасына тиешелүү участокко мыйзамсыз тургузулган коргонду түрттүрдү. Ошондой эле шаардын Тимирязев көчөсүндөгү 12-үйдүн тургундарынын арызы менен мыйзамсыз курулган тандыр жасоочу жай жок кылынды.

Мэриянын маалыматы боюнча, муниципалдык кызматтар тарабынан мыйзамсыз курулуш ээлерине эскертүү берилген. Бирок алар өз эрки менен аларды алып салуудан баш тартышкан.

Бишкек шаар башчылыгы бир нече жылдан бери калаа аймагында мыйзамсыз курулган курулуштарды түрттүрүп салууда.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG