Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир бекет ачылды


"Достук" бекети ачылганда Өзбекстанды көздөй агылган адамдар. 6.09.2017
"Достук" бекети ачылганда Өзбекстанды көздөй агылган адамдар. 6.09.2017

Ала-Бука районундагы "Баймак" чек ара бекетин ачуу тууралуу токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Аталган токтом 13-сентябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, "Баймак" чек ара бекети Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна байланыштуу 2016-жылы май айынан тарта жабылган. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, аталган бекет аркылуу жарандар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өткөрүлөт, тагыраак айтканда бажы, ветеринардык, фитосанитардык жана маңзат көзөмөлүсүз жарандар, унаа жана товар кирип чыгуусуна уруксат берилет. Чек ара бекетинде чек ара көзөмөлү гана иштейт.
ЕАЭБ талаптары боюнча, ага мүчө мамлекеттер үчүнчү өлкөлөр менен чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө милдеттүү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 14 чек ара бекети бар. Алардын ичинен 11и автоунаа жана жөө адамдар үчүн, төртөө темир жол бекеттери. 2017-жылдын 6-сентябрына чейин болгону үч гана чек ара бекети жөө адамдар үчүн, бирөө автоунаалар үчүн ачык болчу.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке мамлекеттик сапарынан соң Оштогу "Достук" чек ара бекети ачылып, бекеттен жөнөкөйлөтүлгөн тартип менен өтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG