Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Зилалиев: шайлоодо басым көрсөтүү фактылары көзөмөлдөнөт


Бул тууралуу вице-премьер-министр, шайлоо өткөрүү штабынын жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев 15-сентябрда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, шайлоо учурунда ар кандай административдик басым жасоо фактыларына өкмөт тарабынан тез жана катаал чаралар көрүлөт.

"11-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине, ишкана-мекемелерге кайсы бир талапкердин үгүт иштерине кызматкерлерди, мугалимдерди, студенттерди тартууга тыюу салынган" деп айтты Зилалиев. Ошондой эле анын бекемдөөсү боюнча, шайлоо комиссияларынын ишине жергиликтүү жана аткаруучу бийлик ээлери аралашуусуна да тыюу салынган.

Вице-премьер-министр Кыргызстанда тынч жол менен алгачкы жолу бийлик алмашуу болуп жатканын, ошондуктан бийлик шайлоону таза жана адилет өткөрүүнү көздөп жатканын белгиледи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда шайлоого 13 талапкер катышууда.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев бийлик башына 2011-жылы 1-декабрда келген. Ага чейин 2010-жылы жалпы Элдик референдумда президент болуп шайланган Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти макамына ылайык, бир жарым жылдык башкаруусунан соң, бийликти тынч жол менен өткөрүп берген.

Андан мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк башкаруу режимин орнотту деген жүйө менен бийликтен кулатылып, мамлекеттен чыгып кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG