Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

ЭОК орусиялык спортчулардын кызытма колдонгонун далилдейт


Орусиянын Олимпиадалык комитети. Москва. 2016-жыл
Орусиянын Олимпиадалык комитети. Москва. 2016-жыл

Эл аралык олимпиада комитети 2014-жылы Сочи оюндарында орусиялык спортчулар кызытма колдонгону боюнча жетиштүү деңгээлде далил заттарды чогулткан. Комиссия башчысы Денис Освальд жакынкы күндөрү спортчулар боюнча жыйынтык күтүп жатканын билдирди. Алар спортчулардын кызытма колдонгонун гана эмес, Орусия спортчуларынын тыюу салынган заттарды пайдалануусун жашырганын да далилдеши керек.

Олимпиада оюндарындагы мыйзам бузууларды иликтөөгө ЭОКтун эки атайын комиссиясы катышууда. Экөө тең иш натыйжасын жыл аягына чейин чыгарууну убада кылышты. Орусиялык спортчулардын 2018-жылы Пхенчханда өтүүчү кышкы Олимпиадага катышар-катышпасы алардын бүтүмүнө жараша чечилет. Орусия олимпиадалык комитетинин башчысы Александр Жуков айыптууларды гана жазалоо керек деп билдирди.

14-сентябрда 17 өлкөнүн кызытмага каршы агенттиктери Орусияны кызытма жаңжалынан улам Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышкан.

Ал эми Ричард Макларендин көз карандысыз комиссиясынын эки жыл мурун жарык көргөн баяндамасына ылайык, спортчулардын кызытма колдонуусун мамлекет колдоого алган.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Орусия кызытма колдонууну эч качан кубаттабаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG