Буга Түркмөнстанда өтүүчү Азиада оюндары менен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйыны бир убакытта өтүп жатканы себеп болду.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 18-24-сентябрь күндөрү БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко жумуш сапары менен барат. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан демилгелеген иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Азиада оюндары Түркмөнстандын борбору Ашхабат шаарында 17-27-сентябрда өтөт. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстанга он миңдеген чет өлкөлүк спортчулар келет деп күтүлүүдө.(ZKo)