Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Назарбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды. 16-сентябрда таратылган расмий кабарга ылайык, аны Ташкенттеги аэропорттон Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Тараптар регионалдык маселелерди талкуулап, казак-өзбек мамилеси боюнча макулдашууларга кол коюшары кабарланды.

Эки күндүк сапардан кийин Назарбаев Түркмөнстанга, бешинчи Азия оюндарынын ачылышына катышуу үчүн барат.

Ашхабадга Өзбекстандын жана Тажикстандын өлкө башчылары да барары расмий кабарланган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышпайт. Ал күндөрү Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына барат.

XS
SM
MD
LG