Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:01

Мадумаров талапкерлерге кысым көрсөтпөөнү талап кылды


Президенттикке талапкер, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров мамлекет башчы кызматка ат салышып жаткан талапкерлерге кысым көрсөтпөөнү талап кылды. Бул тууралуу 16-сентябрда дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун Өзгөндөгү эл менен жолугушуусунда сүйлөп жатып билдирди.

Президенттик кызматка ат салышып жаткан айрым талапкерлердин көрнөк-жарнактары айрылганы, жыйындарын өткөрүүгө тоскоолдук болуп жатканы тууралуу буга чейин да айтылган. Мындай билдирүүлөрдү Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев сыяктуу талапкерлердин шайлоо штабдары жасашкан. Алар бут тосууларды мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийликтер уюштуруп жатканын белгилешкен. Башкы прокуратура мындай даттануулардын айрымдарын иликтей баштаганын билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG