Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Лондондогу жардырууга шектелген адам кармалды


Англиянын Кент графтыгынын полициясы 15-сентябрда Лондон метросундагы жардырууга шектелген 18 жаштагы эркекти кармады. Жергиликтүү агенттиктердин кабарына ылайык, ал ишембиде Дувр шаарында колго түшкөн. Аты-жөнү, тек жайы тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Жергиликтүү полиция бөлүмүндө кармалып турган шектүү Лондонго жөнөтүлөрү күтүлүүлө.

15-сентябрда Лондон метросунун Parsons Green деген станциясында вагондо ташталган баштык жарылып, артынан өрт чыккан. Жарадар болгонн 29 кишинин 20сы ооруканада. Жардырууга "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.

Өкмөт башчы Тереза Мэй билдирүү жасап, өлкө аймагында террор коркунучу жогорку чекте турганын айтты. Полициянын айрым ыйгарым укуктары убактылуу куралдуу күчтөргө өттү. Темир жол бекеттеринде, аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG