Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Жаштар административдик кысымга каршы акцияга чыгышты


Флеш-мобдун башында жаштар ооздорун бекитип турушту. Аягында байлоолорун чечип ыргытып, "Биз коркпойбуз" деп кыйкырышты. 
Флеш-мобдун башында жаштар ооздорун бекитип турушту. Аягында байлоолорун чечип ыргытып, "Биз коркпойбуз" деп кыйкырышты. 

"Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-мобго борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент катышууда. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын максаты - окуу жайлардагы ректорат, мугалимдер студенттерди бийликтин талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканына каршылык билдирүү. Флеш-мобдун башында жаштар ооздорун бекитип турушту. Аягында байлоолорун чечип ыргытып, "Биз коркпойбуз" деп кыйкырышты.

Иш-чарага президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын жаш канаттарынын мүчөлөрү катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаштарды өз укуктарын коргоого чакырып, жаңы, таза коом курууга чоң салым кошууга үндөдү:

- Силердин бүгүн минтип укугуңарды коргоп чыкканыңар өтө туура. Биз, жаштар Кыргызстандын келечегин түптөшүбүз керек. Өткөн кылымдын 20-жылдары Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөгө катышкан Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана башкалар ошол кезде жыйырмадан жаңы ашкан курактары болгон. Биз да улууларды карап отура бербей, жаңы, таза, адилеттүү коом курууга киришүүбүз керек.

Жанар Акаев акцияда аралашып жүргөн окуу жай мугалимдерине жана жетекчилерине кайрылып, бүгүнкү иш-чарага катышкан студенттерди куугунтуктобоого чакырып, андай иш-аракеттер кылмыш болуп эсептелерин эскертти.

Социалдык тармактарда окуу жайлардын жетекчиликтери, мугалимдери студенттерди №2 форма менен алдын ала добуш берүүгө жана бийликтин талапкерин шайлоого мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар, аудио жана видеотасмалар пайда болгон.

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеши президенттик шайлоону адилет жана таза өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алып, ага президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Чечимде мугалимдер кайсы бир талапкердин үгүт иштерине катышууга укугу жок экени айтылган.

XS
SM
MD
LG