Борбордук шайлоо комиссиясы телеканалдан ар бир талапкерге кеминде бир саат акысыз эфир бөлүүнү талап кылууда. Ошондуктан президенттикке талапкерлерге мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфир берүү боюнча 15-сентябрда өткөн чүчү кулактын ЭлТРге байланыштуу чечими жокко чыгарылып, ал кайрадан аныктала турган болду. Бул тууралуу БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бегматов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Мыйзам боюнча талапкерлердин ар бирине мамлекеттик телеканалдардан 60 мүнөт акысыз эфир берилиши керек. ЭлТР 50 мүнөт берген. Андан тышкары мыйзамда талапкерлердин үгүт убактысы үчүн телеканалдар эл көп көргөн сааттарды, тагыраагы 20:00-24:00 аралыгын берүүгө милдеттүү болсо, ЭлТР 19:40тан тарта убакыт сунуштаган. Ошондуктан БШК телеканалдын жетекчилигинен мыйзамда көрсөтүлгөн убакыт өлчөмүн жана саатын бөлүп берүүсүн талап кылганбыз. Аларга 20-сентябрга чейин убакыт берилди, 20-сентябрь күнү ЭлТРден акысыз эфир алуу үчүн талапкерлер кайрадан чүчү кулак кармашат.
Президенттикке талапкерлер мамлекеттик телерадиоканалдардан жана гезиттерден үгүт жүргүзүү үчүн акысыз эфир убактысын жана орун алуу максатында 15-сентябрда БШКда чүчү кулак кармашкан. Ага КТРК, ЭлТР, Биринчи радио жана "Кыргыз Туусу", "Эркин-Тоо" басылмаларынын жетекчилери, президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү катышкан. Талапкерлердин өкүлдөрү ЭлТР телеканалы "Тегерек стол" форматындагы берүү үчүн санариптеги негизги каналынан эмес, кошумча "Илим-билим" каналынан убакыт бөлгөнүнө нааразылыгын билдиришкен эле.
Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик телерадиоканалар аркылуу акысыз үгүт жүргүзүүсү 18-сентябрдан тарта башталат.(ZKo)