Жогорку Кеңештин төрагасына, парламенттеги фракция башчыларына, Баш прокурорго, Билим берүү жана илим министрине жолдонгон кайрылууда окуу жайлардын жетекчилери жаштардын жарандык укугун бузуп, Социал-демократтар партиясынын талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканын билдиришкен. Кайрылуу ээлери "окуу жайдагы жетекчилик, мугалимдер паспортубузду алып, №2 форма боюнча кошумча добуш берүүгө мажбурлап, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги административдик басым кылып жатышат" деп белгилешкен.
Баш прокурордон өздөрүнүн укугун коргоп берүүнү, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынан бул маселеге көңүл буруп, студенттердин конституциялык укугу бузулуп жатканы тууралуу парламент сессиясында маселе көтөрүлүүсүн талап кылышкан.
Бүгүн 100дөй жаш активист Бишкектеги Жаштар аллеясында "Биз коркпойбуз" деген аталыштагы флеш-моб акция өткөрүп, президенттик шайлоодо административдик басым жасоого каршылыгын билдиришти. Акцияны өткөрүүгө Бишкектеги юридикалык академиянын окутуучусу студенттерди талапкер Жээнбековго добуш берүүгө үгүттөп жаткан аудио-тасманын жайылышы негиз берген. (ZKo)