Ал Лондондун батыш тарабында кармалганын Рейтер Скотленд-Ярд полициясына таянып маалымдады. Маалыматка ылайык, 21 жаштагы жигит ишембиден жекшембиге оогон түнү Хаунслоу аймагында колго түшүрүлгөн. Ал терроризмге шектелип кармалып, Лондондун түштүгүндөгү полиция участогуна жеткирилген.
15-сентябрда эртең менен Лондон метросунун "Пэрсонс-Грин" бекетиндеги жардыруудан 30 чакты киши жабыркаган. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өзүнө алган.
Премьер-министр Тереза Мэй метродогу жардыруудан соң, Британиядагы террордук коркунуч деңгээли болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин билдирди. Полициянын айрым ыйгарым укуктары куралдуу күчтөргө берилип, темир жолдо, аэропорттордо жана коомдук транспортто коопсуздук чаралары күчөтүлдү.