Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Фермер "Газпром" ишканасын сотко берет


Казылган кызылча талаасы. 17-сентябрь, 2017-жыл
Казылган кызылча талаасы. 17-сентябрь, 2017-жыл

Фермер Манас Саматовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, "Газпром" ишканасы анын Аламүдүн районундагы кант кызылчасы айдалган жерин түтүк өткөрүү максатында казып, бышып жетилип калган түшүмдү майкандап салган:

- Биздин кызылча айдаган талаа аркылуу алар куруп жаткан газ бөлүштүрүүчү станцияга жол сурашкан. Августта сүйлөшкөндө алар туурасы 8, узуну 300 метр жерди сурап, алдын ала 31-августка чейин компенсация төлөп бермек болушкан. Бирок, төлөшкөн жок. 17-сентябрь күнү эртең менен талаага келсек, биз макул болгон 8 метрге дагы 10-15 метр кошумча жерди казып, бышып калган кызылчанын баарын талкалап салышыптыр. Телефон чалсам, станция бүткөндөн кийин төлөп беребиз деп коюшту. Мен бул ишкананы сотко берем.

Саматовдун айтуусунда, газ куурун өткөрүү үчүн казылган жердин туурасы 15-20, узуну 300 метрди түзөт. Бул жерден кеминде 500 миң сомдук түшүм алынмак дейт ал.

Ал эми "Газпром" ишканасынын өкүлү Сабыр Мүсүров компания тарабынан мыйзамсыз аракет болбогонун, бардык иш алдын ала сүйлөшүлгөн, түзүлгөн келишимдер боюнча жасалып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу программасы боюнча Мыкан айылына газ бөлүштүрүүчү станция курулат. Ал станция курулуучу жана ага баруучу жолду биз жердин ээси менен сүйлөшүп, сатып алганбыз. Манас Саматов ал жерди ижарага алып иштетет экен, ага да кызылчасынын түшүмүн компенсациялап берүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Биз 1 гектар жердин түшүмүнө 180 миң сом компенсация сунуш кылып жатабыз, көпчүлүк дыйкандар макул болушкан. Бул киши аны аз көрүп жатат. Саматов менен эртең дагы жолугуп, сүйлөшөбүз.

Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш аймагын жана Аламүдүн районунун Мыкан айылын камсыз кылуучу жаратылыш газын бөлүштүрүүчү станция азыр кант кызылчасы айдалган жерге курулат. Станцияга уланган түтүктөр андан ары Кант, Токмок, Балыкчы шаарларына чейин улантылары айтылган.

Орусиянын "Газпром" ишканасы Кыргызстандын газ тармагына 2014-жылдан бери ээлик кылат. Аталган компания 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары жана милдеттенмелери менен бирге шарттуу 1 долларга сатып алган болчу. Учурда Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды көгүлтүр отун менен камсыздоо программасы ишке ашырылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG