Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:49

Украин бийлиги Саакашвилини чек араны бузганы үчүн кармабайт


Саакашвилинин тарапкерлеринин коштоосунда чек арадан өтүп келе жаткан учуру. 10-сентярь, 2017-жыл

Бул тууралуу баш прокурор Юрий Луценко маалымдады. Ал Одессанын мурунку губернатору жана Грузиянын экс-президентин экстрадициялоо аракети көрүлбөсүн да бекемдеди. Луценконун сөзү боюнча, Саакашвили Украинада жашоого укук берген документи бар учурда камакка алынбайт.

Бир жума мурун Михаил Саакашвили Польша-Украина чек арасынын "Шегини" бекети аркылуу өткөн. Анын тарапкерлери украин чек арачыларынын тосмосун бузуп, Саакашвилини украин аймагына алып кирип кетишкен. Кийинчерээк чек арачылар Саакашвилиге чек араны мыйзамсыз өткөнү боюнча протокол беришкен. Эртең бул окуя Львов облустук сотунда каралат. Саакашвили 17-сентябрда кечке жуук Киевде бир катар билдирүүлөрдү жасай турганы кабарланган.

Июль айынын аягында Саакашвили өзү тууралуу жалган маалымат берген деген айып менен украин жарандыгынан ажыратылган. Ал өзү муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG