Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Бабанов: Эки чоң саясий күч бирикти


Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин "Курманбек" стадионунда шайлоочулар менен жолугушуу учуру. 17-сентябрь ,2017-жыл
Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин "Курманбек" стадионунда шайлоочулар менен жолугушуу учуру. 17-сентябрь ,2017-жыл

"Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев менен чогуу саясий тандем түзүлгөнүн бекемдеди. Ал бүгүн Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда сүйлөп жатып, Бакыт Төрөбаев менен "Республика" партиясын чогуу түптөгөнүн, дайыма достук мамиледе келе жатканын айтты:

- Бакыт Эргешович "Өнүгүү-Прогресс" партиясын түптөп, чоң саясий күч топтоду. Бул деген "Республика Ата-Журт" партиясы менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясы эмес, эки чоң саясий күч бирикти деген сөз. Биздин бардык тилектештерибиз, тарапкерлерибиз, колдоочуларыбыз биригип жатат.

Президенттикке талапкерлер, "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоодо биригип, саясий тандемге барары тууралуу маалыматтар апта башында эле айтыла баштаган.

Саясий тандемге ылайык, Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланса, Бакыт Төрөбаев премьер-министр болмокчу.

Бакыт Төрөбаев буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, "Ата Журттун" лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев менен бириккен эле. Көп өтпөй аталган биригүү ыдырап, Ташиев президенттикке бийликтеги КСДПдан талапкер болгон Сооронбай Жээнбековго кошулганы маалым болгон.

Кечээ Өзгөн шаарындагы жолугушууда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров төрт талапкер: Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG