Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Молдовада президентке каршы митинг өттү


Молдовадагы митинг
Молдовадагы митинг

Кишиневдо жекшембиде жүздөгөн адамдар жаңы шайлоо мыйзамына каршылык билдирип чыгышты.

Молдова менен Евробиримдиктин желегин көтөргөн митингчилердин айрымдары орус президентин жана "Мекенди Москвага сатты" дешип, өз президенти Игорь Додонду айыптап жатышты.

Мыйзам долбоору парламенттен өтүп, июлда Додон ага кол койгон. Бул молдовалыктардын массалык каршылыгы жана Евробиримдик менен АКШнын сыны менен коштолгон.

Мыйзамга ылайык, парламентарийлердин жарымы парттизме, жарымы өзүнчө округдардан шайланып келишет. Сынчылар өзгөрүү өлкөдөгү эки ири саясий топ - башкаруучу батышчыл демократиялык партия менен оппозициялык орусиячыл социалисттерге гана жагымдуу дешет. Ошондой эле кадыры түшүп бараткан башкаруучу партия 2018-жылкы парламенттик шайлоодо көп мандатка ээ болуу үчүн гана ушуга барды деген жүйөнү келтиришүүдө.

Ал эми мыйзамды жактагандар өзгөрүүлөр саясатчыларды жоопкерчиликтүү болууга түртөт деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG