Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Тиллерсон: АКШ Кубадагы элчилигин жабууну караштырууда

Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон дипломатиялык кызматкерлердин саламаттыгына байланышкан түшүнүксүз окуялардан улам Кубадагы элчиликти жабуу мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирди.

"Бул айрым адамдарыбыз жабыркаганына байланышкан өтө олуттуу маселе. Биз ал адамдардын кээ бирин мекенине алып келдик. Маселе караштырылып жатат", деди Тиллерсон 17-сентябрда CBS телеканалына берген маегинде.

Мамлекеттик департамент быйыл августта Гаванадагы АКШ элчилигине байланышы бар америкалыктар үн толкундарына байланыштуу көйгөйдөн кийин саламаттыгына арызданып кайрылышканын билдирген. Мындан беш канадалык жабыркаганы да кабарланган.

Тагыраагы, көңүлү айнуу, башы оору, башы айлануу, кулактары чуулдоо же кез-кез укпай калуу симптомдору менен кайрылышкан.

Мамдепартамент буга Кубаны айыптаган эмес. Ошентсе да Гавана окуяга тиешеси жоктугун ырастоодо.

​
XS
SM
MD
LG