Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Кыргызстанда ВИЧти жуктургандар көбөйүүдө


Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте ВИЧ-СПИДди жана кургак учукту алдын алуу аракеттери жана ооруга байланыштуу соңку жагдайлар талкууланат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрга карата ВИЧ илдети менен өлкө аймагында 7264 адам каттоого алынган, алардын 907си СПИДге чалдыккан. Жалпысынан бул илдеттен 1657 адам каза тапкан. Жалпы бейтаптардын 600дөйүн балдар түзөт.

Маалыматка караганда, инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар 51% түзөт, 2011-жылы бул көрсөткүч 31% болчу. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар экенин жана алардын арасында аялдар көбөйүп жатканын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧти алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылоону 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.

2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү аракет көрүшү керек. Бул жаатта улуттук программа да иштелип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG