Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

ART-ORDO театр фестивалында баш байгеге "Тумар ханыша" татыды


Рустамга ашык болгон ханайым анын Тумар ханышага барышына каршы эле
Рустамга ашык болгон ханайым анын Тумар ханышага барышына каршы эле

Бишкекте VI эл аралык ART-ORDO театр фестивалы жыйынтыкталды. Баш байгеге Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры койгон "Тумар ханыша" спектакли ээ болду.

Тумар ханыша (Томирис) байыркы көчмөн элдердин сак уруусунан чыккан баатыр кыз. Ал тууралуу грек тарыхчыларынын жазып калтырган эмгектердин негизинде ар кандай жанрда бир нече көркөм чыгарма жаралган.

Драмада баатырдык, эрдик менен бирге эле адамзаттын жаралуусундагы табигый жеке турмуштук асыл сезим баяндалып, Тумар ханышанын махабат баянына трагедиясы өрүлүшүп, көркөм чагылдырылган. Тарыхый маалыматтарда окуя мындан 3000 жыл мурдагы доордо болгону болжолдонот.

"Тумар Ханыша" спектакли акын, драматург Бактыгүл Чотурованын калемине таандык. Режиссеру Марат Козукеев.

ART-ORDO театр фестивалы 11-сентябрда башталган. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан келген театрлар катышты. Кароо-сынак 2003-жылдан бери эки жыл сайын өткөрүлүп келет. (ZA)

XS
SM
MD
LG