Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Майрамбек Токторов "Беш акындын" үчүнчү айлампасында алдыга чыкты


Майрамбек Токторов, Болотбек Таштаналиев, Махабат Молдалиева, Айнагүл Базарбаева жана Жыпар Арыкова
Майрамбек Токторов, Болотбек Таштаналиев, Махабат Молдалиева, Айнагүл Базарбаева жана Жыпар Арыкова

ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы биргелешип өткөрүп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун үчүнчү кечеси өттү. Ага акындардан Жыпар Арыкова, Айнагүл Базарбаева, Махабат Молдалиева, Болотбек Таштаналиев жана Майрамбек Токторов катышты.

Таймаш эрежеси боюнча, бир муундагы беш акын беш тапшырма аткарат. Калыстар тобуна экиден ырын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор жаңырат. Катышуучулар ыр жазгандан башка өнөрлөрүн да көрсөтөт.

ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы башталган бул долбоор алгач КТРК менен биргеликте ишке ашып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.

2017-жылы өтүп жаткан жазма акындар таймашынын биринчи айлапмасында Гүлжамила Шакирова, экинчисинде Салтанат Орозобекова жеңишке жетишкен болчу. Үчүнчү айлампасында өз муундаштарынын арасынан Майрамбек Токторов алдыга озуп чыкты.

Долбоордун 2015-жылдагы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 доллар акчалай сыйлык берилип, алар Түркияда өткөн поэзия фестивалына катышып кайтышкан. (ZA)

XS
SM
MD
LG