Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Акыйкатчы: Журналист Сапановдун соттолушу - инквизицияга кайтуу


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналист Зулпукаар Сапановго карата чыккан сот өкүмүн "инквизицияга кайтуу" деп атады.

Ал өкүм өтө катаал болуп калганын белгилеп, Сапанов абактан бошотулушу керектигин айтууда.

Бүгүн Оторбаев билдирүү таратып, Сапановдун соттолушуна себеп болгон китебин өзү окуп чыкканын, ал кандай гана дин болбосун, христианчылык, ислам же башкабы, андан тышкары каралышы керек болчу деген пикирин “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Муну журналисттин чыгармачыл, философ катары жеке эркин ой жүгүртүүсү катары караш керек. Адамзаттын тарыхында чыгарманы коомдун ичиндеги кууш, чектелген саясий же башка өңүттөр аркылуу карап алып, кийин уят болгон учурлар бар.

Тажикстандын Мургаб районунда туулган Зулпукаар Сапанов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин аталган университетте мугалим болуп да эмгектенген. Кыргыз тилдүү бир катар гезиттерде кабарчы, редактор болуп иштегенден тышкары изилдөөчү катары кыргыздын тарыхына байланышкан бир нече макала-баяндарды жарыялап келген.

Ал “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп күнөөлөнүп, 12-сентябрда төрт жылга эркинен ажыратылды.

Китеп былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп дин аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму быйыл жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG