Чехиялык «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн доллар акчаны тиешелүү мөөнөттө төгө турганын так айта албайт. Бүгүн компаниянын ээси Михаэл Смелик Бишкекте маалымат жыйын куруп, аларга карата каралоо жүргөнүн, ошол себептен акча боюнча маселе жаралып жатканын айтты:
- Мындай маалыматтардан улам Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Алар тобокелдикке барбай турган болушту. Европадагы Unicredit банкындагы 40тай эсебибиз текшерилип, эч кандай операция кыла албай жатабыз.
Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясынын “РусГидрого” 37 млн доллар которуусунун акыркы мөөнөтү 19-сентябрь экенин билдирген.
Быйыл июлда «LiglassTradingCZ, SRO» Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.
Айрым кыргызстандык саясатчылар жана коомдук активисттер да чехиялык компаниясынын каражаты жок экенин айтып, кооптонуусун билдиришкен.
Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.
2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. (BkA/NT)