Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

Кытай менен Орусия деңиздеги машыгууларын баштады


Кытай менен Орусиянын былтыркы аскердик машыгуусунан бир көрүнүш.
Кытай менен Орусиянын былтыркы аскердик машыгуусунан бир көрүнүш.

Кытай менен Орусиянын деңиз флоттору дүйшөмбүдө Түндүк Кореянын жанында аскердик машыгууларын баштады. Кытайдын аскердик кемеси Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Владивосток шаарына келди.

"Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, биргелешкен машыгуу Орусия менен Түндүк Кореянын чек арасынын жанындагы Улуу Петр булуңунан Охот деңизинин түштүк бөлүгүнө чейинки аймакты камтыйт.

Эки өлкөнүн деңиз флоттору быйыл ушуну менен экинчи ирет машыгуу өткөрүүдө. Биринчи машыгуу июль айында Балтика деңизинде болгон.

26-сентябрга чейин созула турган машыгууга 11 суу үстүндө жүрүүчү, 2 суу алдында жүрүүчү кеме, төрттөн учак жана тик учак катышат.

XS
SM
MD
LG