Азербайжандын соту эркин журналист Элчин Исмаилини 9 жылга түрмөгө кести. Өлкөнүн түндүгүндөгү Шеки шаарынын соту 18-сентябрдагы өкүмү менен журналистти акча өндүргөн жана кызматынан кыянат пайдаланган деп тапты.
Элчин Исмаили февраль айында кармалган. Буга Маданият жана туризм департаментинин бир кызматкеринин журналистти акча өндүрүүгө айыптаган арызы себеп болгон.
Исмаили айыптарды четке кагып келет. Анын адвокаты Элчин Садыков бул ишти саясий куугунтук деп сыпаттаган.
Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары президент Илхам Алиевдин өкмөтүн көз карандысыз медиа каражаттарын кысымга алып жатат деп сындап келишет. 2003-жылдан бери өлкөнү башкарып жаткан Алиев мындай дооматтарды негизсиз деп мүнөздөйт.