Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлер арасындагы чүчүкулак аркылуу КТРК, "Биринчи радиодо" дебатка чыкчулардын тизмесин түздү.
Талапкерлерге акысыз берилүүчү эфирдик убакыт да бөлүштүрүлдү.
БШКнын маалыматына караганда, Коомдук телеканалда дебаттардын биринчи бөлүгү 3-5-октябрда болот. Анда ар бир талапкерге 25 мүнөттөн бөлүнөт.
3-октябрда президенттикке талапкерлер Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев, 4-октябрда Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов, 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоров теледебатка чыгышат.
КТРКда дебаттардын экинчи бөлүгү 11-12-октябрга белгиленип, ар бир талапкерге 20 мүнөттөн убакыт бөлүнмөй болду.
Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов 11-октябрда чыгат. Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбековго 12-октябрь туш келди.
Ал эми 21-29-сентябрда талапкерлердин ар бирине өзүнчө чыгып сүйлөө үчүн 15 мүнөттөн эфир берилет.
КТРКнын "Биринчи радиосундагы" дебаттар 26-29-сентябрда болот.
20-сентябрда талапкерлер ЭлТР телеканалында дебатка чыгуу үчүн чүчүкулак кармашат. Ал эми мамлекет каржылаган "Эркин Тоо" гезитинде талапкерлер тууралуу акысыз материалдарды 22-сентябрда, "Кыргыз Туусунда" 29-сентябрдагы сандарында жарыялайт.
Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн 13 талапкер каттоодон өткөн. (NT)