Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында Кыргызстандын балбандары түркмөндөрдүн улуттук күрөшүнөн үч коло медал тагынса, үчөө финалда күрөшөт. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүн, 18-сентябрда түркмөн күрөшүнөн эркин жана классикалык стилде эркектер жана кыздар арасында байгелер ойнотулду.
Эркектер арасында классикалык стилде 75 килограммга чейинки салмакта Кененбек Шамшидин уулу жарым финалда түркмөнстандык Режепгелди Гылычназаровго жеңилип, коло медал тагынды.
Түркмөн күрөшүнүн кыз-келиндер арасындагы классикалык стилдеги таймаштарында Уулкан Алыбай кызы (-63 кг.) менен Назира Арзыбекова (+70 кг.) үчүнчү орунду алып, Кыргызстандын пайдасына кезектеги байгени алып келишти. Алдыда күрөштүн ушул эле түрүнөн классикалык стилде кыргызстандык үч балбан финалда түрмөнстандык атаандаштары менен күрөшөт. Кыз-келиндер арасында Назира Марсбек кызы (-58 кг.) менен Зухра Мадраимова менен күч сынашат. Мээрим Жуманазарова (-70 кг.) менен Насиба Суркиева таймашат. Эркектер арасында калссикалык стилде (-82 кг.) Эсенбек Кудайбердиев Ханмухаммед Патдыев менен күч сынашат. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.
Балбандардын бүгүнкү алган байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын эсебинде төрт коло медал бар. 16-сентябрда жиу-житсу боюнча мелдеште Ариет Бекишов (-62 кг.) Кыргызстандын эсебине алгачкы коло медалды алып келген эле.
Жабык имараттагы жана жоокердик өнөр боюнча V Азия оюндары 17-сентябрда расмий түрдө ачылды. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан спортчулар катышууда. Байгелер спорттун 21 түрүнөн ойнотулат. Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу мелдештерге катышат.
Кыргызстандын атынан сунушталган Алыш күрөшү боюнча таймаштар 22-23-сентябрда өтөт. (ECh)