Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Зилалиев: Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга тендер өткөн эмес


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Кыргызстандагы 10 чакан ГЭСти куруу боюнча гана тендер өтүп, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу укугу боюнча сынак өткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Чехиялык Liglass Trading компаниясына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 10 чакан ГЭСти тендерде утуп алган чехиялык компания Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын да куруу сунушун айткан. Liglass Trading тендерге катышкан башка компаниялардан ушунусу менен айырмаланган.

Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет быйыл 28-июлда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана дагы он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде жеңип алган Liglass компаниясы 1 миллион 147 миң доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион долларды (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң доллардан) тɵлɵгɵнүн жарыялаган.

Зилалиев келишим ишке ашпай калса, чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү Кыргызстанда кала турганын билдирген.

Бүгүн чехиялык "Liglass" компаниясынын ээси Михаэл Смелик жана ишкана өкүлү Йиржи Войтеховски Бишкекте маалымат жыйынын куруп, аларга саясий күчтөр тоскоол болуп жатканын, медиа аркылуу чабуул жана каралоо жүрүп, натыйжада каржылык оор абалга кабылганын жарыялашкан.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев учурда чакан ГЭСтерди курууга дагы бир чехиялык “Энерго про” аттуу компания жана Индия, Түштүк Кореядан ишканалар кызыгып жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG