Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

ЖК комитети Бишкек ТЭЦине көмүр алып келүүнү талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү маселесин талкуулайт. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов маалымат берет. Рыскуловдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ТЭЦ кышкы сезонго 550 тонна жергиликтүү көмүр сатып алат.

-“Электр станциялары” тендер өткөргөн, ага ылайык көмүр ташып келүү башталган. 500 тонна Кара-Кеченикин, 50 тонна таш көмүр отунун алат. 450 Караганда, Казакстандан келет.

Буга чейин “Электр станциялары” маалымдагандай, казак көмүрүнүн баасы тоннасы 3 600 сомдон айланып, жалпы суммасы 1 млрд 619 млн сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы жалпы суммасы 1 млрд 370 млн сомго алып келет. Рыскулов көмүр баасы мындан арзаныракка түшө турганын белгиледи.

Учурда кара отун Балыкчы шаарынан темир жол аркылуу тартылууда. 30-августта Бишкек ТЭЦинин жаңыланган корпусу ишке кирген. Муну менен жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG