Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалга ээ болду


Абдурахманхажи Муртазалиев. 18-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.
Абдурахманхажи Муртазалиев. 18-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.

Ушул күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана жоокерлик өнөр боюнча V Азия оюндарында Кыргызстандын спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 18-сентябрда жиу-житсу спортунун Ne-Waza түрүнөн 85 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Муртазалиев финалда Бириккен Араб Эмирлигинин спортчусу Балхол Халфан Хумаид Халфанды жеңип алды. Ал финалга чейин төрт беттеш өткөрүп иорданиялык эки атаандашын, бахрейндик жана түркмөнстандык спортчуларды жеңип, алтын байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алган.

Муртазалиев алган байге азырынча Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медал болуп саналат. Андан сырткары Кыргызстандын эсебинде үч күмүш жана төрт коло байге бар. 18-сентябрда түркмөн күрөшүнөн кыргыз балбандары байгеге жетип, үч күмүш жана үч коло байге алышкан эле. Күмүш байгелерди түркмөн күрөшүнүн классикалык түрүнөн Мээрим Жуманазарова (-70 кг.), Назира Марсбек кызы (58 кг.) жана Эсенбек Кудайбердиев (-82 кг.) алса, коло медалдарды күрөштүн ушул эле түрүнөн Кененбек Шамшидин уулу (-75 кг.), Назира Арзыбекова (+70 кг.) жана Уулкан Алыбай кызы (-63 кг.) тагынды. Ага чейин алгачкы мелдеш күнүндө жиу-житсу спортунан Ариет Бекишов (-62кг.) биринчи медалды Кыргызстандын капчыгына салган. Жабык имаратта өтүүчү жана жоокердик өнөр боюнча Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG