Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Шыкмаматовдун сотуна айыптоочу күбөлөр келген жок


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүнкүгө белгиленген соту 25-сентябрга калды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш каралып жаткан Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Бүгүнкү отурум айыптоочу тараптан күбөлөр келбей калганына байланыштуу болгон жок.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш ачкан.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.

Оппозиционер саясатчы Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG