Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Бишкектеги "Көз айнек" инсталляциясын сындырып кетишти


Инсталляция 2016-жылы орнотулган
Инсталляция 2016-жылы орнотулган

Бишкектин Жаштар аллеясына бир жыл мурда орнотулган “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын белгисиз бирөөлөр сындырып кетишти. Бул окуя боюнча учурда Бишкектин Ленин райондук милициясы териштирүү жүргүзүп жатканын "Азаттык" радиосуна шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Бийиктиги эки, узундугу алты метрлик көз айнек инсталляциясын DOXA art-group тобунун адистери жасашкан. Анда адам укуктарын урматтоого чакырган визуалдык тексттер жайгаштырылган.

Долбоор Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун жаштар программасынын колдоосу менен ишке ашырылган болчу.(RK)

XS
SM
MD
LG