Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Юракадемиядагы студенттерди үгүттөө деген ишти прокуратура текшерет


"Биз коркпойбуз" акциясы
"Биз коркпойбуз" акциясы

Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиядагы куратордун студенттерди кайсы бир талапкерге добушун берүүгө үгүттөп жатканын эми прокуратура териштирет. Мындай чечимди 18-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт өнөктүгү учурундагы эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу кабыл алды. Бул тууралуу БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" кабарлады.

-Куратор аудио тасмадагы үн өзүнүкү экенин тастыктап, бирок антип сүйлөгөн эмесмин деп айтты. Ал эми ректор аудиотасманы монтаж деп, аны текшертүү зарылдыгын белгиледи. Академияда ыплас иштер болуп жатса ачык тартып чыгарышса болмок дейт. Кантип студенттер ачык тартып чыгара алат? Ошол себептүү БШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратура аудиожазууну текшерип берүүсү керек деген чечим чыгарды.

Өткөн апта соңунда академиянын мугалими куратордук саат учурунда студенттер менен шайлоо тууралуу, кимге добуш берүү керектиги жөнүндө сүйлөшүп жатат деген аудиотасма интернетке тараган. Анда куратордуку деген үн мурдагы шайлоодо мугалимдер айткан талапкерге добуш бербегендер аныкталганын, мунун айынан төрт студент окуудан айдала турганын билдирген.

Социалдык тармактарда окуу жайлардын жетекчиликтери, мугалимдери студенттерди №2 форма менен алдын ала добуш берүүгө жана бийликтин талапкерин шайлоого мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Мындан улам борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент 7-сентябрда "Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-моб өткөрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG