Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Биометрикасы жок 800 миңдей жаран добуш бере албайт


Иллюстрация

800 миңдей кыргызстандык биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын форумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого да катыша албасын кошумчалады.

Догоев биометрикасы барлардын саны 3 млн 55 миңге жеткенин, анын ичинде 2 млн 914 миң 588 жаран шайлоо тизмесине киргенин маалымдады.

Шайлоочулардын тизмеси 21-сентябрда дагы бир ирет жаңыланат. (SdZ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG