Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Ош: Төрөт үйүндөгү өлүм иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ошто төрөт үйүндө каза болгон келиндин окуясын териштирип жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда жеринде кызматтык териштирүү жүрүүдө.

22 жаштагы келин Ош шаардык төрөтканасында бир нече күн мурда көз жумган. Өлүмгө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG