Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Армения менен Азербайжан Тоолуу-Карабакты талкуулоодо


Тоолуу-Карабак картада
Тоолуу-Карабак картада

Армения Азербайжан менен Тоолуу-Карабак аймагынын бир бөлүгүн кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Армения тышкы иштер министри Эдвард Налбандян билдирди. «Интерфакс» маалымдагандай, Налбандян Еревандагы эл аралык форумда сөз коопсуздук жактан Карабакка коркунуч жаратпаган аймактар жөнүндө болуп жатканын айткан.

News.am порталынын маалыматына караганда, Налбандян кокус согуш чыгып кетип, аны тез арада токтотуу мүмкүн эмес болсо, Армения Тоолуу-Карабактын көз карандысыздыгын тааный турганын белгиледи. Ал сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана Ереван көйгөйдү тынч чечүүнү каалай турганын кошумчалады.

1991-жылы калкынын басымдуу бөлүгүн армян улутундагылар түзгөн Тоолуу-Карабак аймагы Азербайжандын курамынан чыкканын жарыялаган. Жаңжал согушка чейин жетип, 30 миңге жакын киши мерт болгон. Согуштун жыйынтыгында Армения аймакты өз көзөмөлүнө алган. Азербайжан жоготкон аймактарды өзүнүкү деп эсептеп келет.

XS
SM
MD
LG