Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Өзбекстан Казакстан менен Орусиядан 1 млн тонна мунай алат


«Өзбекнефтегаз» мунайды кайра иштетүү заводдору үчүн 2018-жылдан тарта Орусия менен Казакстандан мунай импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине компания башкармалыгынын төрагасы Алишер Султанов билдирген.

- Тесттик режимде сентябрда 30 миң тонна, жыл аягына чейин 200 миң тоннага чейин мунай алууну пландап жатабыз. Кийинки жылы бул көрсөткүчтү бир миллион тоннага чейин жеткиребиз. Учурда орусиялык өнөктөштөр менен өкмөттөр аралык макулдашуу даярдалууда. Казакстан менен келишим түзгөнбүз, – деди Султанов.

Султановдун билдиришинче, «Өзбекнефтегаз» 2021-жылы Жизак облусундагы мунайды кайра иштетүү комплекси иштеп баштаса, импорттун көлөмүн беш миллион тоннага чейин жеткирет.

XS
SM
MD
LG