Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Баймак" бекети толук ачылды


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара бекети эки тараптуу толук иштей баштады.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 19-сентябрда кыргыз жана өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баймак" чек ара бекети толук ачылып, иштей баштады.

Буга чейин 16-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык чек ара бекети кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек жак техникалык оңдоого байланышуу убактылуу жаап турууну суранган.

5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

6-сентябрда Оштогу "Достук" бекетинде чектөөнүн алынышы салтанаттуу белгиленген.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Дээрлик баарында Кыргызстандагы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин өтүү татаалдаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG