Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Жалал-Абадда мамкызматкерлер кан басымын бекер текшертүүдө


Жалал-Абад, 19. 09. 2017
Жалал-Абад, 19. 09. 2017

Жалал-Абад облус аймагында мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер арасында "Кан басымыңды билип ал" аттуу акция башталды.

Ушул жума ичинде өтүп жаткан иш-чара учурунда бардык кызматкерлер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кан басымын бекер текшертип, дарыгерлерден кеп-кеңештерди ала алышат.

Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстанда калктын 30 пайыздан ашыгынын кан басымы жогору болсо, анын деңгээлин билбегендердин саны андан да көптүк кылат.

Майыптыкка алып келүүчү инсульт дарты жагынан Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG