Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:55

Камчыбек Ташиев саясий позициясын тактады


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Президенттикке талапкер, “Ата журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев оппозициядагы ишмердигин токтотуп, “келерки президент менен кызматташат”. Бул тууралуу саясатчы шайлоочулар менен Сузак районунун Комсомол айылындагы жолугушууда билдирди.

Буга чейин Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдойт деген маалымат тарап, аны “Ата журт” саясий партиясынын өкүлү ырастаган.

Анын алдында оппозициядагы саясатчылар Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев “Кайра жаралуу” саясий партиясын түзүп, президенттик шайлоодо бийлик талапкерине каршы бир талапкерди сүрөө ниетин билдиришкен. Кийинчерээк ал аракет ишке ашпай калганы жарыяланган.

17-сентябрда Жалал-Абад шаарында шайлоочулар менен жолугушууда талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо алкагында бириккенин жарыялашты.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. (RsK)

XS
SM
MD
LG