Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Карибде эми Мария бороону күч алды


АКШнын Флорида штатындагы Ирма бороонунун кесепети.
АКШнын Флорида штатындагы Ирма бороонунун кесепети.

Карибдеги Доминика Республикасы Мария бороонунан катуу жабыркаганын премьер-министри Рузвельт Скеррит 19-сентябрда Фейсбук баракчасына жазды.

Анын билдиришинче, табият кырсыгынан улам шейшембиге оогон түнү көптөгөн үйлөрдүн, анын ичинде өзүнүн резиденциясынын дагы чатырлары талкаланган. Өлкөнүн аэропорту, деңиз порттору жабылды.

"Баарынан да таң атканда нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон селдин айынан олуттуу жаракат алгандар жана өлүмдөр тууралуу жаман кабар угабызбы деп коркуп жатам" деп жазат ал.

Кубаты эң жогорку - 5-категорияда делген Мария бороону 18-сентябрда Доминикага жеткен. 19-сентябрда саатына 260 чакырым ылдамдык менен франциялык Гваделупага жакындаганы кабарланды.

Буга чейин алаамат бороон тууралуу Кариб деңизиндеги башка да арал өлкөлөрдүн элдерине эскертүү берилген. Тургундарга кандай гана болбосун эшикке чыкпоосу эскертилүүдө.

Аймак буга чейин эле ондогон адамдын өмүрүн алган Ирма бороонунун кесепетин тарткан болчу.

XS
SM
MD
LG