Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Ооганстан АКШдан вертолетторду алды


UH-60 Black Hawk (Кара шумкар)
UH-60 Black Hawk (Кара шумкар)

Кошмо Штаттарынан UH-60 Black Hawk ("Кара шумкар") үлгүсүндөгү вертолеттордун алгачкы партиясы Ооганстанга жеткирилди. 

"Вертолет флотун рекапитализация жана жаңылоонун алкагында ооган аскер аба күчтөрү Ми-17ден UH-60ка өтүүдө", - деп НАТО 18-сентябрда билдирүү таратты. 

Маалыматка караганда, АКШ жакынкы жылдары Ооганстанга 159 ушундай тик учак берүүнү пландоодо.

Буга чейин оогандар советтик Ми-17 тик учактарын колдонуп келишкен. Эскилиги жеткендиктен аларды кармоо кымбатка түшүп жатканы да кабарланат.

Өлкө коопсуздугу үчүн аба күчтөрүн чыңдоо президент Ашраф Ганинин төрт жылдык жол картасынын негизги бөлүгү. 

19-сентябрда АКШ коргоо министри ошондой эле Ооганстанга бөлүнгөн 3000 кошумча аскер жолго чыкканын да кабарлады. 

 

XS
SM
MD
LG