Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Гуттериш: өзөктүк согуш коркунучу жогорку чекке жетти


Антониу Гуттериш
Антониу Гуттериш

Өзөктүк согуштун глобалдык коркунучу кансыз согуштан берки эң жогорку чегине жеткенин БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш уюмдун Башкы Ассамблеясын ачып жатып билдирди.

Миллиондогон адамдар Түндүк Кореянын акыркы апталардагы "чагымчыл" сыноолорунун коркунучу алдында жашап жатканын баса белгиледи.

- Чыңалуу күчөп баратканда эсептен жаңылып калуу ыктымалдыгы да бар. Кызуу сүйлөшүүлөр кейиштүү жаңылыштыктарга алып келиши мүмкүн. Чечим саясий болушу керек жана өлкөнү чебер башкарууга убакыт келди. Биз согуштун жолуна түшүп кетпешибиз керек, - деди Гуттериш.

Гуттериш башка дагы глобалдык көйгөйлөргө токтолуп, кооптуулуктун, теңсиздиктин күчөп баратканын, чыр-чатактар жайылып, климат өзгөрүп жатканын дагы эскертти.

XS
SM
MD
LG