Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Орусия Беслан курмандыктарына 3 млн евро төлөп берет


Орусиянын Юстиция министрлиги Бесландагы терактта жабыркагандарга 3 млн евро төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги жазды. Адам укуктары боюнча Европа соту 19-сентябрда компенсация боюнча чечимди кайра кароодон баш тарткан.

2004-жылдын 1-сентябрында согушкерлер Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектебинде 1 миң 200дөн көп окуучу менен ата-энелерди барымтага алып, спортзалда үч күн кармашкан. 3-сентябрда коопсуздук күчтөрү чабуул коюп, бошотуу операциясы жүргөн. Терактта жана операция маалында 334 киши каза тапкан. Алардын 186сы балдар болчу. Кол салууну чечен согушкерлеринин лидерлеринин бири Шамил Басаев уюштурганын моюнга алган.

Бирок кайгылуу окуяны объективдүү териштирүү ошо бойдон жүргүзүлбөй калды. Быйыл апрелде Адам укуктары боюнча Европа соту Орусия бийликтерин курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга 3 миллион евро төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG