Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Мексикада кайрадан жер титиреп, ондогон адам каза болду


Мексикада күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинди. Жергиликтүү бийлик андан бери дегенде 49 киши каза болгонун билдирүүдө. Би-Би-Си каза болгондордун саны 140тан ашканын билдирүүдө. Өлкөнүн борбору Мехикодо 30дай имарат кыйраганы айтылууда. Курмандыктардын саны улам өсүп жатат. Борбордогу аэропорт жабылды. Куткаруучулар кыйроолор көп болгон аймактарга барышты. Бийликтин маалыматына караганда, 4 млн жакын тургун электр жарыгысыз калды.

Мунун алдында, эки-үч саат мурда өлкөдө табийгый кырсыктардан сактануу боюнча атайын окуу өткөн болчу.

Бул соңку бир айдагы экинчи жер титирөө болууда. 7-сентябрда күчү 8,2 баллга жеткен зилзала катталып, Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркаган. Каза болгондордун саны 90дон ашкан. Өлкө президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала болуп калганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG