Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Мектеп директору КСДП талапкерин колдоого үгүттөгөн видео тарады


Малика Рахманалиева ата-энелер чогулушунда
Малика Рахманалиева ата-энелер чогулушунда

Кара-Суу районундагы №71 мектептин директору Малика Рахманалиева ата-энелер чогулушунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөп жаткан видео тарады. Видеону тасмага НТСтин журналисти түшүргөн. 18-сентябрда өткөн бул жыйынга директор мындай комментарий берди:

- Жаңы мектептер курулуп, өкмөтүбүз шарт түздү. Ошол үчүн эле айтып койдум. Мыйзам бузуу экенин чынында билген эмесмин.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттык" радиоcуна берген түшүндүрмөсү боюнча мектеп директорлору жана мугалимдер мамлекеттик кызматкер болуп эсептелишпейт жана алардын иштен тышкаркы убактарда үгүт жүргүзүү укугу бар. Ошол эле учурда "үгүт иш убактысында жүргүзүлсө мыйзам чегинде териштирилиши керек" деди БШК мүчөсү.

Айыл өкмөт башчысы иш убактысында үгүт жүргүзүп жаткан дагы бир факт Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндө 12-сентябрда катталган. БШК бул маселе териштирилип жатканын кабарлаган. (SE)

Мектеп директору КСДП талапкерин колдоого үгүттөгөн видео тарады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

XS
SM
MD
LG