Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Садыр Жапаров атасынын жаназасына барууга уруксат алуу аракетин көрүүдө


Садыр Жапаровдун адвокаттары ага атасын акыркы сапарга узатып, топурак салуусуна урукат алуу аракетин көрүп жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова билдирди.

- Атабызды дарылаталы деп Бишкекке жаңы алып келгенбиз. Бая күнү небереси чыкканда бир аз көзүн ачты эле. Көрсө коштошуп жатыптыр да.

Жапаровдун атасы Нуркожо ажы бүгүн 84 жашында дүйнө салды. Анын сөөгү өзүнүн айылы, Түптүн Кең-Суусуна коюлат.

“Мекенчил” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду бийлик өкүлүн барымтага алды деген айып менен быйыл 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган.

2013-жылы Жапаров бийликти басып алууга аракет жасаган деп 1,5 жылга кесилген. Абактан чыккандан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. Быйыл 25-мартта Кыргызстанга кайтып келгенде кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга камалган.

Ошол эле күнү анын жүздөгөн тарапкери УКМК алдында нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары камалган. Кийин аларга Биринчи Май райондук сотунда өкүм чыккан. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан бошотулган. Уулу Рустам Жапаров, жакын тууганы Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Жаңыбай Жеңишбеков жана Адылбек Исаев бир жылдык сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу кесилишкен.

Сот орусиялык жарандар Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эрланбек Тагаевдин ар бирин төрт жылдан күчөтүлгөн абакта жазасын өтөө боюнча өкүм чыгарган. Мурда соттолгон Чыңгызхан Кожогелдиев сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Жапаровдордун атасы оор абалда төшөктө жатканы буга чейин сотто көп жолу айтылып, аны уулдары менен жолуктуруу, бошотуу өтүнүчтөрү келтирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG