Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Прокурорлор Аида Салянованы сегиз жылга соттоону суранды


Аида Салянова
Аида Салянова

Башкы прокуратура бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы сегиз жыл эркинен ажыратууну соттон суранды.

Сотто териштирүү аяктап, тараптарга акыркы сөз берилүүдө.

Салянова акыркы сөзгө даярдануу үчүн соттон бир апта убакыт сурады, бирок судья Кубанычбек Касымбеков баш тартып, соттук отурум бүгүн саат 14:00дө кайра уланарын жарыялады.

- Айта турган жообубуз алдыда. Мен жана адвокаттарым күнөөм жок экенин 200% далилдеп бердик. Бирок прокурорлордун аң-сезиминде өзгөрүү болбоптур. Муну прокурорлор жазган жок, алар болгону, даярдап бергенди алып келип окушту. Бирок даярдап берген нерсени окуганда да мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек эле. Андай болгон жок, - деди Салянова "Азаттык" радиосуна.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.(SDz/RK)

XS
SM
MD
LG