Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Бейтап наристени алып бараткан "Тез жардам" кырсыкка кабылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин Түштүк магистралында беш киши түшкөн "Тез жардам" автоунаасы жол кырсыгына кабылды.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык бүгүн таңкы саат 5ке жакын "Тез жардам" Арча-Бешик жаңы конушунан оорулууну алып кетип баратканда болгон. Айдоочу жолдон ит чыга калгандыктан рулду башка жакка буруп, бирок башкара албай калганын, машине жол четине чыгып, бир капталына кулап кеткенин айтууда.

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер бейтап баланы ооруканага алып баратканын кабарлады. Маалыматка караганда, азыр ал оор абалда жатат. Жол кырсыгынан кийин медайым да ооруканага жеткирилген.

Патрулдук милиция кырсыктын чоо-жайын териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG