Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Сузак районундагы "Достук" жеке ишканасынын имаратында жаңы ачылган №2393 шайлоо участогунун абалы менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн уяткаруу менен имаратты тез аранын ичинде оңдоону талап кылды.
Имараттын дубалдары көчүп, сырдалган эмес. Бузулган мешти жашырып, ак кездеме ороп коюшкан.
- Биз чет жактан эл аралык байкоочуларды чакырып жатсак, бул имаратты кантип көрсөтөбүз, уялышыбыз керек, - деди Зилалиев.
Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы имарат жоктугунан аргасыз жеке ишкерге кайрылышканын айтып, кемчиликтерди добуш берүү күнүнө чейин жоюуга убада берди.
Бул участокто 1300дөн ашык шайлоочу катталган.
Вице-премьер Зилалиев учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жабык жыйын өткөрүүдө.
Жалал-Абад облусунда 426 шайлоо участогунун ичинен быйыл Сузак районунда экөө жаңыдан уюшулду. Облустагы жалпы шайлоочулардын саны азыр 546 миңди түзүүдө. (RsK)